Turmush — Сатуудан түшкөн салыкты децентрализациялоо идеасы азыр да актуалдуу. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Салыз кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарында ишкерлер менен жолугушканда билдирди.
Анын айтымында, бул демилгени ишке ашыруу үчүн мэрия өзүнүн жарлыгын даярдашы керек.
«Ал маселе бүгүнкү күндө да актуалдуу. Бул пилоттук долбоор боюнча өткөндө Жанар [Ош шаарынын учурдагы мэри Жанарбек Акаев] менен да сүйлөштүм. НСПнин [сатуудан түшкөн салык] 50 пайызын жергиликтүү бюджетке берүү боюнча дискуссияны баштайлы дегенбиз. Мындай болсо шаардык бийлик да салык чогултууга кызыкдар болуп калат. Негизи салыкты чогултуш үчүн эң биринчи бизнес менен бат-баттан сүйлөшүш керек. Ошондо салык өсөт. Жакшы сүйлөшүп, жумшак айтып, ынандырсаң эле төлөйт, жөн эле ур-токмокко ала бербей.
Эгерде ушул эрежени киргизсек, шаардын мэри да бизнес менен ар дайым жолугуп калат. Күнүгө болбосо да, бир айда бир жолу сөзсүз жолугат. Анткени республикалык бюджтеке жалдырабай, шаарды гүлдөткөнгө шарт түзүлөт эле.
Бул маселе боюнча мэрия жарлыктарын даярдаш керек эле. Даярдаган жок. Мен эми бирөөнүн огородуна таш ыргыткым келбейт. Эми Жанар мырза да жарлыгын даярдап алып келсин, мен туптуура деп кол коюп берем», - деди Шыкмаматов.
2025-жылдын 28-августунда Алмамбет Шыкмаматов жаңы «Ош» базарына барып, андагы абал менен таанышкан учурда Ош шаарынын ошол учурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевге сатуудан түшкөн салыктын жарымын Ош шаарында калтыруу сунушун берген. Ал учурда Ош шаарында сатуудан түшкөн салык 2 млн 163 млн сом болсо, кошумча нарк салыгынан 2 млн 162 млн сом чогулары маалым болгон.
Шыкмаматов аталган эки салыктан чогулган акчанын жарымы 2 млрд сом болорун, ал Ош шаарынын өнүгүүсүнө жумшалса болорун белгилеген болчу.