Turmush — 11–13-март күндөрү Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейде Нооруз майрамына арналган маданий жана тарбиялык иш-чаралар уюштурулду.
Маалым болгондой, бул иш-чаралардын негизги максаты — жаш муунга улуттук баалуулуктарды, каада-салттарды жана ата-бабалардан калган маданий мурастарды таанытуу, аларды урматтоого жана улантууга үндөө болду. Алгачкы күнү лицейдин кыздары жана жигиттери сармерден оюнун өткөрүштү. Жеңишке кыздар тарап жетишип, лицейдин сыйлыктарына ээ болушту.
12-март күнү лицейде улуттук спорттук оюндары уюштурулуп, окуучулар тогуз коргоол, аркан тартыш, ордо, топ таш, таяк тартыш, жоолук салмай сыяктуу кыргыз элинин салттуу оюндарын ойношту.
Ал эми 13-мартта иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү болуп, улуттук каада-салттар менен коштолгон сүмөлөк бышыруу аземи өткөрүлдү. Сүмөлөк бышыруу — кыргыз элинин Нооруз майрамындагы эң маанилүү салттарынын бири. Бул күнү лицейдин жамааты жана окуучулар биригип, ак тилектер айтылып, ынтымак менен береке каалап, сүмөлөк кайнатышты.
Ошону менен бирге улуттук кийимдерди даңазалоо максатында , улуттук калоритти каитыган көз жоосун алган, нукура кийиз, жүндөн жасалган кийимдерди кийип көчө аралай басып, улуттук кийимдин баалуулугун, ыңгайлуулугун элге тартуулашты.