Turmush — Таласта мал уурулукка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, облуста 13-15-мартта «Мал уурулук» аталышындагы рейддик иш-чарасы уюштурулган. Анын алкагында Талас ОИИБдин жана Айтматов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан Талас облусунун аймагындагы бир нече мал уурулук кылмыштарын жасоого шектелип, издөөдө жүргөн Айтматов районунун 1981-жылы туулган тургуну Т.Н. кармалды. Анын жанынан 2 телефон, 1 бычак, 1 адам сөлөкөтүндөгү бет кап, бир мурч балону, кара түстөгү баштык жана 2020 сом акча табылган.
2026-жылдын 2-февралында Т.Н.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иш козголуп, издөө жарыяланган.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.