Turmush — Ош технологиялык университетинде Кийимдин технологиясы жана дизайны предметтик-циклдик бирикмеси тарабынан «Ата-эне, иш берүүчү, окуу жай — студенттин ийгилигине бир кадам» аттуу жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чарага окуу жай жетекчилиги, ата-энелер, иш берүүчүлөр, окутуучулар жана студенттер катышты. Жолугушуунун негизги максаты билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, ата-энелер менен тыгыз байланыш түзүү жана студенттердин кесиптик калыптанышына биргелешип колдоо көрсөтүү болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттердин окуудагы жетишкендиктери, практикалык даярдыгы жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле суроо-жооп бөлүгү уюштурулуп, ата-энелер менен иш берүүчүлөр өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Жыйында билим берүү процессин жакшыртуу багытында сунуш-пикирлер айтылып, талкуу жүрдү.
Мындан сырткары, студенттердин колунан жаралган чыгармачыл иштердин көргөзмөсү уюштурулуп, катышуучуларга тааныштырылды. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, активдүү катышкан ата-энелерге жана студенттерге ыраазычылык билдирилип, белектер тапшырылды.
Жолугушуу жылуу жана ишкердик маанайда өтүп, ата-эне, иш берүүчү жана окуу жайдын кызматташуусу студенттердин ийгилигинин маанилүү фактору экендиги баса белгиленди.