Turmush — Ош технологиялык университетинде «ОшТУ мырзасы – 2026» аттуу жигиттер сынагы өткөрүлдү.
Сынакка университеттин ар бир институтунан жана гуманитардык-технологиялык колледжден жалпысынан жети жигит катышып, күч сынашты. Сынактын шарттарына ылайык катышуучулар улуттук жана классикалык баалуулуктарды камтыган тапшырмаларды аткарып, сахнада өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Калыстар тобунун чечими менен баш байгеге Инновациялык маалымат технологиялар институтунун студенти Абдылазиз Абдыкадыров ээ болуп, «ОшТУ мырзасы – 2026» наамына татыды. Ал Ташкент шаарына эс алууга жолдомо утуп алып, ошондой эле «Ош шаарынын мырзасы» сынагына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
1-орунду Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун студенти Актилек Авасбеков, 2-орунду Экономика жана башкаруу институтунун студенти Жоомарт Нуркалиев, 3-орунду Гуманитардык-технологиялык колледждин студенти Кимина Абасов ээледи.
Ошондой эле «Инстаграм жылдызы» жана «Күчтүү мырза» номинациялары менен гуманитардык-технологиялык колледждин студенти Кимина Абасов сыйланды.
Жеңүүчүлөр университет жетекчилиги жана Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан дипломдор, акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Аталган иш-чара жаштар комитети тарабынан студенттерди коомдук иштерге активдүү тартуу, достук мамилени чыңдоо, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, эстетикалык табитти арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын жайылтуу, мекенчилдикке тарбиялоо максатында уюштурулду.