Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — үй-бүлөсү менен Саха Республикасында (Якутия) жашаган Айдай Таштанкулова. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде чет өлкөдөгү жашоосу тууралуу айтып берди.
Айдай Таштанкулова 1998-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Өрүктү айылында туулган. Учурда Мирный шаарында жашайт.
«Азыркы учурда бала бакчада иштейм. Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөм. Кесибим боюнча мугалиммин.
Жолдошум менен үйлөнгөндөн кийин кеңешип, чет жакка чыгып, үй-жай куралы деп келгенбиз. Бул шаарда туугандарыбыз бар болчу, алар аркылуу келип калдык. Шаар абдан кичинекей, күн жылуу мезгилде каалаган жерге жөө жетсе болот. Кышкысын абдан суук — температура -40, -50 градуска чейин түшөт. Россиянын башка чоң шаарларына салыштырмалуу тынч, ар түрдүү элдер жашайт, кыргыздар көп.
Кыргызстандан айырмаланып, жаңы азык-түлүктөр дээрлик жок, көбүнчөсү жылдап кампаларда сакталган азыктар. Ошондой эле төрт мезгилди көрбөйсүң. Кыштан жайга бир-эки жумада өтүп кетет, жайдан кышка да ошондой.
Бул жакта расмий түрдө иштесең, ооруканага акысыз көрүнсөң болот. Кызым төрөлгөндө декреттик акча алып, 1,5 жашка чыкканча жөлөк пул алдык. Кыргызстандын жараны болуп туруп жөлөк пул алуу абдан таң каларлык болду», - деди ал.
Ал алгач башка мамлекетте өз жерин сагынып кыйналганын айтат.
«Максатыбызга жетели деп үй куруп жатабыз. Буюрса аяктап алсак, калган ийгиликтерди өз жерибизге барып жаратсак дейбиз. Башында келгенде үйүбүздү, өз жерибизди сагынып, кыйналып жүрдүк. Азыр болсо өз үйүбүздө жүргөндөй жашап калдык. Бул жакта кыргыздар көп, ар бир дүкөнгө кирсең, сөзсүз кыргыздар болот. Ал гана эмес, оорукана, мектеп, университеттерде дагы иштешет. Чоң бизнес кургандары дагы бар.
Дем алыш күндөрү балдарды ар кандай ийримдерге алып барабыз, туугандарыбызга конокко барабыз, сейилдейбиз. Келечекте өз мекенибизге барып, өз кесибим боюнча иштейин деп күндөрдү күтүп жатам», - деди мекендеш.
Айдай Таштанкулова бир уул жана бир кыздын апасы.