Turmush — Нарын шаарындагы автобекет 1968-жылдан бери иштеп келет.
Нарын шаарынын тарыхы камтылган жыйнактардагы маалыматтарга ылайык, шаарда шаардык транспорт аркылуу жүргүнчү ташуу XX кылымдын ортосунан тарта жолго коюлган. 1996-жылга карата Нарын шаары автомобиль жолу аркылуу Нарын облусунун бардык айыл-кыштактары менен толук байланышта болгон.
Шаардан өтүүчү эң ири автомобиль жолдоруна республикалык маанидеги Нарын—Балыкчы жолу жана эл аралык маанидеги Нарын—Торугарт—Кашкар (Кытай Эл Республикасы) жолу кирген. Бул жолдор аркылуу Балыкчы шаары аркылуу республиканын башка аймактары менен да транспорттук байланыш камсыздалган (1996-жыл).
1996-жылы жүргүнчү ташуудан шаардык транспорт тармагына 174 миң 467 миң сом киреше түшкөн.
2025-жылдын ноябрь айында Нарын шаарындагы унаа бекети капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилген.
Имараттын экинчи кабаты жатакана катары жабдылып, ал эми төмөнкү кабатында күтүү залы, тейлөө зоналары жана башка шарттар түзүлдү. Ошондой эле унаа бекеттин айланасы асфальтталып, инфраструктурасы жакшыртылды.
Унаа бекетти реконструкциялоого президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 807 миллион сомдун ичинен 53 миллион сом жумшалганы маалым болду.