Turmush — Бүгүн, 3-февралда ректор Кудайберди Кожобеков 2025–2026-окуу жылынын 2-семестри үчүн академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Ош мамлекеттик университетине келген студенттер менен жолугушту.
Ректор студенттерге окуу жайдагы билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, түзүлгөн шарттар жана жетишкендиктер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле жаштардын суроолоруна жооп берип, билимге умтулгандарга ийгилик каалады.
Бул семестрде ОшМУда бир катар жогорку окуу жайларынан келген студенттер билим алып жатышат.
Алардын катарында:
-
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен – 1 студент;
-
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен – 13 студент;
-
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен – 5 студент;
-
Баткен мамлекеттик университетинен – 2 студент;
-
К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинен – 2 студент бар.
Мындан тышкары Казакстандын К.Жубанов атындагы Актобе аймактык университетинен үч, К.Кулажанов атындагы Казак технология жана бизнес университетинен бир, Орусиянын Петрозаводск мамлекеттик университетинен бир студент ОшМУда билим алууда. Жалпысынан университетте 28 конок студент окуп жатат.
ОшМУда академиялык мобилдүүлүк программасы жылдан-жылга өнүгүп, алмашуу программаларына катышууну каалаган студенттердин саны өсүүдө. Конок студенттер жатаканалар менен акысыз камсыздалууда.