Turmush — Ош технологиялык университетинде «Интеллект» өнүктүрүү борбору тарабынан «Brain storming» интеллектуалдык оюну уюштурулду.
Аталган оюнга Ош шаарындагы жогорку, орто окуу жайлардан жана мектептерден жалпы 11 команда катышты.
Иш-чара студенттердин интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, жаштардын бири-бири менен болгон байланышын бекемдөө, жогорку окуу жайлар аралык достук мамилени чыңдоо жана жаштарды илим, билимге шыктандыруу максатында өткөрүлдү.
Жыйынтыгында биринчи орунду «Үч жылдыз» командасы (ОшМПУ) алып, I даражадагы диплом жана 5000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.
Экинчи орунду «Фальцет» командасы (КӨЭАУ) ээлеп, II даражадагы диплом жана 3000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.
Үчүнчү орунду «Grey» командасы (№40 Бектемир Азизов атындагы мектеби) алып, III даражадагы диплом жана 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.
Төртүнчү орунга «Интеллект» жана «Альянс» командалары (ОшТУ) ээ болуп, ыраазычылык баракчалар менен сыйланды.
Калган катышуучу командаларга кызыктыруучу белектер тапшырылды.