Turmush — Ош технологиялык университетинде салык сабаттуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлеринин борбордук тейлөө башкармалыгынын өкүлдөрү Ош технологиялык университетинин жамааты менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу кызматкерлердин салыктык сабатуулугун жогорулатуу максатында уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Салык кызматынын өкүлдөрү салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат менен бөлүшүп, салык төлөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган санариптик долбоорлор тууралуу айтып беришти.