Turmush — Бүгүн, 14-февралда Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде «Аял — эне, аял — жар, аял — коомдун күзгүсү, мамлекеттин жаркын келечеги» аталышында форум болуп өттү.
Аталган форум Ош шаардык аялдар кеңешинин демилгеси менен Кыргыз-Ѳзбек эл аралык университетинин аялдар кеңеши тарабынан уюштурулду.
Иш-чаранын расмий ачылышында Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүүлөр боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, Республикалык аялдар бирикмесинин, Ош шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Атыргүл Кожоева, ЖОЖдордун, ишкана, уюмдардын аялдар кеңешинин төрайымдары катышты. Алар аялдардын коомдогу, үй-бүлөдөгү орду, жасап жаткан иштерине кенен токтолушту.
Андан соң КӨЭАУнун педагогика жана психология кафедрасынын башчысы Жаңылай Айтышова «Аял үйдүн жана мамлекеттин тиреги», юридика-бажы факультетинин деканы Алмагүл Көкөева «Аялдардын укугун коргоо — үй-бүлөлүк никелик мамилелерге каршы кылмыштардын алдын алуунун негизги катары», медициналык колледждин окуу иштери боюнча директордун орун басары Элмира Алиева «Кийинүү маданиятынын өзгөчөлүктөрү жана учурдагы абалы» деген темада баяндамаларын жасашты.
Форумдун жүрүшүндө келген коноктордун ой-пикирлери айтылып, суроо- жооптор менен коштолду. Соңунда Аялдар кеңешине мүчө болгон айымдарга күбөлүктөр тапшырылды.