Turmush — Бүгүн, 1-февралда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде эс алуу борбору ачылды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул жай мугалимдердин жана студенттердин окуудан сырткары маданий эс алуусун камсыздоо максатында ачылды. Борбордун ачылышына университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, проректорлор, окутуучулар жана студенттер катышты.
Ректор борборду ачуунун негизги максаты мугалим менен студентин, жетекчилик менен ар бир кызматкердин эркин пикир алмашуусуна жетише турган достук аянтчасын түзүү экенине токтолуп, бул эркиндик аянтчасын туура пайдаланып, окуу жайдын дүйнөдөгү топ университеттердин катарынан орун алышына жол ача турган жаңы идеялар жаралсын деген тилегин билдирди.
Аталган эс алуу борборунда Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин жалпы студенттери жана эмгек жамааты акысыз Wi-Fi түйүнүн, китеп, журналдарды пайдаланууга шарттар каралган. Ал эми борбордун тазалыгын, тартибин студенттик жаштар комитети көзөмөлдөйт.