Turmush — Ош технологиялык университетинин чарба кызматкерлери үчүн окуу жайдын жетекчилиги тарабынан жаңы жылдык кече уюштурулду.
Кечеге университеттин ректору Жанболот Турсунбаев, кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Багдагүл Тиленбаева катышты. Ректор Жанболот Турсунбаев чарба кызматкерлерин жаңы жылы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады.
Университеттин ишин алга жылдырууда салым кошкон мыкты кызматкерлерге окуу жайдын жетекчилиги тарабынан ардак грамоталар, кесиптик бирлик тарабынан баалуу сыйлыктар тапшырылды.
ОшТУнун чарба кызматкерлери окуу жайдын тазалыгы, айлана-чөйрөсүнүн көрктөндүрүлүшү, окуу лабораторияларынын, кабинеттердин, лекциялык залдардын таза иреттүү болушуна жооп беришет.