Turmush — «2023-жылдын мыкты студиясы» номинациясы менен Ош технологиялык университетинин «Жаштык» телестудиясы сыйланып, статуэтка жана акчалай сыйлыкка ээ болду.
Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган «Жыл мыктылары 2023» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Ага Ош шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаттары, сынактын жеңүүчүлөрү жана жаштар катышты.
Сынактын катышуучулары социалдык тармак аркылуу сунушталып, андан соң эң көп добуш алгандарынын жыл ичиндеги жетишкендиги, Ош шаарынын өнүгүүсүнө кошкон салымына байкоо жүргүзүлгөн.
Ош технологиялык университетинин «Жаштык» телестудиясы Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын арасында эң алгач түзүлүп, эфирге чыга баштаган телестудия. Ал 1996-жылы окуу жайдын окумуштуулар кеңешинин чечими менен түзүлүп, Ош облустук юстиция башкармалыгы тарабынан массалык маалымат каражаты катары күбөлүк алган. Телестудия быйылкы жылы 27 жашка толду.