Turmush — Ош технологиялык университетинин студенттери Жаңы жыл майрамын утурлай «Ректордук бал-2023» майрамдык кечесин өткөрүштү.
Майрамдык салтанатка окуу жайда билим алып жаткан бардык курстун студенттери катышты. Университеттин окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов жаштарды жаңы жылы менен куттуктап, окууларына ийгликтерди каалады.
Окууда мыкты ийгиликтерди жаратып жана университеттин коомдук иштеринде активдүү катышкан студенттерге грамоталар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.
Майрамдык кечени студенттер оюн-зоок, ыр-бийдин коштоосунда жыйынтыкташты.