Turmush — Ош технологиялык университетинде СССР жана Кыргыз ССРинин жазуучулар кошуунунун мүчөсү, акын, прозаик Азада Бегимкулованын 73 жылдык эскерүү кечеси болуп өттү.
«Баркымды билгендердин эсиндемин» аттуу кечеде акындын замандаштары сөз сүйлөп, бейнесин ачып беришти.
Аталган иш-чара изилдөөчү Исхак Эгемназаров, Улуттук жазуучулар союзунун Ош бөлүмү жана гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучусу Надилбек кызы Бегимай тарабынан уюштурулуп, окуу жайдын окутуучулары Азада Бегимкулованын обондуу ырларын аткарышты. Иш-чарада акындын өмүрү, чыгармачылыгы жана өзгөчө поэтикасы жөнүндө маалыматтар айтылды.
Акын, жазуучу Азада Бегимкулова 1950-жылы 10-ноябрда жарык дүйнөгө келген. 1974-жылы Бишкек кооперативдик техникумун, андан соң Самарканд кооперативдик институтун бүтүргөн. 80-жылдары Ош облусунун Кара-Суу районунда пахта талаасында иштеген комсомол кыздардын бригадасын жетектеген. Кийин Ош облустук китепкөйлөр коомунун төрайымы, Кыргызстан жазуучулар бирлигинин Жалал-Абад облустук кыргыз тил коомунун жетектөөчү адиси болуп иштеген. 1996-жылы 46 жашында дүйнө салган.