Turmush — Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына арналган колледждер арасында «Кыргыз тилин заманбап технологиялар менен окутуунун методологиясы» аттуу кереге кеңеш болуп өттү.
Аталган иш-чара ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору тарабынан уюштурулуп, ОшТУнун гуманитардык -технологиялык колледжинин мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер кафедрасынын окутуучулары катышып келди.
Кереге кеңеште кыргыз тили жана адабияты боюнча окутуучу Бегимай Надилбек кызы «Технология багытында кыргыз тилин деңгээлдер боюнча окутуунун технологиясы» деген темада баяндама жасап, Ош мамлекеттик университетинин ыраазычылык каты менен сыйланды.
Бул саамалыкта мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө жана ар тараптуу изденип келе жаткан окутуучуларга шарт түзүлдү. Бегимай Надилбек кызынын окуу жайга илим жаатында салым кошуп жаткандыгы башкаларга үлгү боло алат.