Turmush — Биздин доорго чейинки убакытта Баткен жергесинде деңиз болгон. Бул тууралуу адистер айтышууда.
Маалым болгондой, Мадыген жаратылыш паркындагы археологиялык табылгалар аны тастыктап турат. Облус борборунан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Мадыген геопаркы 8160 гектар аянтты камтыйт. Аны коргоого алуу демилгеси быйыл колго алынып, аянты түзүлдү. Андагы тоо кыркалар, рельефтер кооз пейзаждарды камтыйт. Каньондор, түрдүү түстөрдөгү ланшафттар туристтерди кызыктырат.
«Бул жерге келип өзүмдү аябай бактылуу сезип турам. Анткени Мадыген геопаркы аябай кооз, жаратылышы суктанарлык экен. Кыргызстан Баткенден башталат», - деди Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил.
Ал эми окумуштуулар үчүн бул аймак чоң табылга. Тарыхчылардын айтымында аталган аймакта биздин эрага чейин ири көлөмдө суу болгон. Тактап айтканда деңиз болгон. Андагы тоо кыркалары, суу астындагы кум, шагылдар, жаныбарлардын ташка айланган калдыктары, ландшафттар деңиз болгондугун тастыктап турат. Бул аймактагы геопарктын башка жаратылыш парктарынан айырмасы археологиялык табылгаларга бай. Алар кайнозой, мезозой доорлоруна таандык.
Жергиликтүү тарыхчылардын айтымында, бул жаратылыш паркынын аймагында жан-жаныбарлардын калдыктарынан сырткары кен байлыктар да көп.
«Изилдөөлөрдүн натыйжасында Мадыген жаратылыш паркында мындан 600 миллион жыл мурда суу болгондугу айтылып келет. Анткени деңиз астындагы үлүл кабыктары, үлүлдөрдүн жана башка суу жаныбарларынын калдыктары кум шагылдар, ландшафттар тастыктап турат.
Мындан сырткары бул аймакта кен байлыктар да көп. Мисалга Канигут шахтасында күмүш өндүрүлүп, ушул жерде кайра иштетилип чыккан мештер да бар. Ал биздин заманга чейинки 1-кылымдан биздин замандын 4-кылымына чейин казылган шахта. Изилдөөлөр болуп турса, тарыхка бай аймактан башка кен байлыктардын кору да чыгат», - деди тарыхчы Кубаныч Таиров.
Учурда Мадыген аймагында Борбордук Азиядагы ЮНЕСКОнун биринчи глобалдык геопаркын түзүү боюнча долбоору ишке кирген.