Turmush — Ош технолоиялык университетинде 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө жана Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата атайын майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Аталган салтанаттуу иш-чарага университетте эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер катышты.
Университеттин ректору Жанболот Турсунбаев окуу жайда эмгектенип жаткан карыяларды куттуктап, аларга бейпил карылык каалады. Жалпы профессордук- окутуучулук курамды кесиптик майрамы менен куттуктап, окуу жайда болуп жаткан ийгиликтер жалпы жамааттын эмгеги экендигин белгилеп, жамаатка ийгилик каалады.
Окуу жайдын өнүгүшүндө талбай эмгек кылып, салым кошуп жаткан карыяларга жана билим берүүдө, илимде жетишкен ийгиликтери үчүн университет жетекчилиги тарабынан ардак грамоталар, баалуу сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле университеттин 60 жылдыгы төш белгиси менен сыйланышты. Мындан сырткары Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин жана Ош областук профсоюз комитетинин ардак грамоталары тапшырылды.
Майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолду. Карыялардын урматына арналган майрамдык салтанат ресторанда уланып, сый тамак уюштурулду. Аларга ректорат тарабынан белектер берилди.