Turmush — Ош технологиялык университетинин окутуучулары Ысык-Көлдө эс алып жатат.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн, тажрыйбасын университетке арнап келе жаткан окутуучулар Ысык-Көлдүн Бостери айылында жайгашкан пансионатка жөнөтүлдү.
Эс алууга университеттин бардык факультет, колледж, бөлүмдөрү тарабынан сунушталган алдыңкы 21 окутуучу жөнөтүлүп, ОшТУнун профсоюз комитети тарабынан толугу менен каржыланды.