Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата атайын оюн-зоок программасы уюштурулду.
Саамалыкка университеттин окутуучуларынын жана жалпы кызматкерлеринин балдары катышып, өзгөчө маанайдагы программага күбө болушту.
Иш-чараны университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып, алгач бул күндүн тарыхына кыскача токтолуп жана жаш бөбөктөрдү майрамы менен куттуктады.
Балдар алгач окуу жайдын аянтында сүрөт тартышып, белектерге ээ болуп, оюндарды ойноп, жарыш курушту. Муну менен бирге чабарман аксакал жаныбарлар тобу менен жаш балдардын көңүлүн көтөрүп, алар менен бирге бийледи. Соңунда бардык балдарга жана ата-энелерге балмуздак таратылды.
Саамалык окуу жайдын жетекчилиги жана профсоюз комитети тарабынан уюштурулду.