Turmush — Ош технологиялык университетинде 7-май — Радио күнүнө карата студенттердин ортосунда акыл таймашы өттү.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, иш-чара физика жана энергетикалык машина куруу кафедрасынын жамааты тарабынан уюштурулду. Студенттерден куралган командаларга интеллектуалдык суроолор менен бирге физика предметинен жана радиого байланышкан суроолор берилип, эксперименттер жүргүзүлдү. Ар бир команда суроолорго жооп берип, эксперимент өткөрүп, упай топтошту.
Жыйынтыгында 1-орунга «Толкун» командасы, 2-орунга «Тесла 1» командасы, 3-орунга «Маркони» командасы ээ болушту. Жеңүүчү командаларга дипломдор менен бирге акчалай сыйлыктар тапшырылды.