Turmush — Ош технологиялык университетинин 3 корпусунун алдына сакура дарагы отургузулду.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, корей борборунун окутуучусу, профессор Лим Ён Шиг мындан төрт жыл мурун япон маданиятынын символу болгон сакура дарагынын 90 даана көчөтүн Ош шаарына алып келип отургузган. Бүгүнкү күнгө чейин отургузулган көчөттөр көктөп, өсүүсүн токтоткон эмес. Лим Ён Шиг мырза шаардагы көрктөндүрүү жана жана жашылдандыруу чарба комбинаты муниципалдык ишканасына сакура дарагынын көчөттөрүн белекке берип, учурда шаарды көрктөндүрүү боюнча дагы иштер жүрүүдө.
Сакура дарагынын көчөттөрү ОшТУга дагы белекке берилип, үч корпустун алдына отургузулду. Көчөттөрдү отургузууга университеттин ректору Жанболот Турсунбаев баштаган бардык проректорлор катышып, Лим Ён Шиг мырзага ыраазычылык билдиришти.
Университетте Лим Ён Шиг көп жылдан бери эмгектенип, корей тилин үйрөнүүнү каалаган бардык студенттерге жана окуучуларга тил үйрөтүп, эки өлкөнүн ортосунда жогорку окуу жайлар арасындагы академиялык мобилдүүлүк боюнча иштерди аткарып келет. Кыргыз тилинде эркин сүйлөп, обондуу кыргыз ырларын аткара алат. Жергиликтүү эл менен тез эле тил табышып, окуу жайдын жамааты менен да мамилеси абдан жакшы.