Turmush — Ош технологиялык университетинин студенттери тарабынан «Жылуулук» деп аталган акция өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, табигый-техникалык факультетинин жаштар комитетинин уюштуруусу менен Ош шаарындагы тазалык кызматкерлери үчүн акция уюштурулду. Бул иш-чарада аталган факультеттин студенттери шаардын тазалыгын караган кызматкерлерге ысык чай, кофе жана таттууларды таратышты.
«Акциянын негизги максаты түйшүгү көп кызматкерлердин көңүлүн көтөрүп, алардын эмгегин баалоо, адамдарды жашаган жерин таза кармоого үндөө жана жаштарды бири-бирине кайрымдуу болууга чакыруу болуп эсептелет.
Табигый-техникалык факультетинде билим алып жаткан активист студенттер өздөрүнүн демилгеси менен акча каражатын чогултуп, тазалык кызматкерлерине жагымдуу маанай тартуулашты», - деп айтылат окуу жайдын маалыматында.