Turmush — Ош технологиялык университетинде Баткен жана Чоң-Алай аймактарындагы Тажикстан менен чектеш жашаган жарандарга жардам көрсөтүү максатында атайын штаб түзүлдү.
Окуу жайдын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, штаб 24 саат бою иштеп жатат. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймактарындагы айылдардан эвакуацияланып келген жарандарды Ош технологиялык университети тарабынан даярдалган жатаканага жайгаштыруу уланууда.
«Бардык жарандарга ысык тамак берилип, биринчи жардамдар көрсөтүлдү жана зарыл каражаттар менен камсыз болушту. Жарандардан окуу жайдын ректору Жанболот Турсунбаев кабар алды. Окуу жайдын окутуучулары, студенттери азык-түлүктөрдү, ысык тамак, кийим-кече, дары-дармектерди алып келишүүдө. Ошондой эле акчалай да жардам көрсөтүп жатышат», - деп айтылат маалыматта.
Гуманитардык жардам топтоо уланууда.
Байланыш үчүн телефондор: 0777 144 124 (Рамис), 0777 485 042 (Бектур).
Буга чейин Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү үчүн окуу жайдагы эмгек жамааттын бир күндүк айлык маяналарын которуп берүү чечими кабыл алынган.