Turmush — Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын башчысынын орун басары Нурсултан Шакир уулу боюнча социалдык тармактарда түрдүү сөздөр жүрөт. Мисалы, социалдык тармактын активдүү колдонуучулары «Нурсултан Шакир уулу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун «эрке баласы», анын командасында жүрөт. Андыктан жогорку кызматтарда иштеп жүрөт. Курал менен сүрөткө түшүп, топ балдарды чогултуп, аргымактарды минип алып жүрүш жасап, Туран аймактык башкармалыгынын элине басым жасоодо» деген сөздөрдү жазышкан. Мындан улам ал Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен маек куруп, айтылган дооматтарды төгүндөдү.
- Нурсултан мырза, коомчулукта өзүңүз, үй-бүлөңүз боюнча маалымат жок болуш керек. Өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз.
- Саламатсыздарбы? Мен Ош шаарында эле төрөлгөм. 4 бир тууганбыз. Алардын эң кичүүсү менмин. Ата-энем пенсияга чыгышкан. Үйдө эле отурушат. Мен ата-энем менен жашайм.
- Буга чейин Ош шаардык кеңешин шайлоодо талапкерлигиңизди койдуңуз. Өзүңүз жашаган Туран аймактык башкармалыгында шайлоонун алдында бир топ балдар менен аргымактарды минип, жүрүш жасаганыңыз боюнча видеолор социалдык тармакка тарады. Муну коомчулук жергиликтүүлөргө басым катары баалады.
- Мен Туранда жашайм, ошол жерде чоңойгом. «Жергиликтүүлөргө басым кылды» дегенди түшүнгөн жокмун. Кантип басым кылат? Ошол жерде өзүм чоңойсом, ошол жердин эли, жаштар, аксакалдар «бизге кызмат кылып бер» деп талапкерлигимди койдуруп жатышса, эч кандай мен ал жерге басым кыла албайм.
- Ушул жылдын апрель айынын аягында, май айынын башында Баткенде чек ара окуясы болду. Анда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев окуянын борборунда жүрдү. Ошол учурда сиздин Камчыбек Ташиев менен түшкөн сүрөтүңүз тарады. Негизи эле сиз буга чейинки шайлоодо «Ата Журт - Кыргызстан» партиясынын катарында шайлоого аттандыңыз эле. Аталган партияны бейрасмий түрдө Ташиевге тиешелүү деп айтып жүрүшөт. Ошондо бул экөөнүн байланышы жокпу?
- Биз ал жакка (Баткенге) мэриянын жардамын жеткирип барганбыз. Алып барган жардамыбыз Баткен шаарында калган. Ошол жерден бөлүштүрүшөт экен. Биз 3 жеңил унаада элек. Ал унааларга керектүү азык-түлүктөрдү салып алып, аскерлер турган жакка чейин барып, азык-түлүктөрдү таратып жүргөндө УКМКнын төрагасы чыгып калды. Анын «Ата Журт - Кыргызстан» партиясына тиешеси бар же жоктугун билбейм. Ошол жерден кокустан жолугуп калып эле сүрөткө түшүп койдук. Болгону ошол эле.
- Былтыркы жылы коронавирус боюнча кырдаал курчуп турган кезде «милиция кызматкерлерине компенсация төлөнүшү керек» деп айтып чыктыңыз эле. Ал айткан сөзүңүздөн кийин жергиликтүү активисттер «Шакир уулу Сүйүн Өмүрзаковдун баласы» деп чыгышкан. Бул боюнча эмне дей аласыз?
- Менин Сүйүн Өмүрзаковго тиешем жок. Мамилем да жок. Ошол убакта кырдаал курчуп турган кезде милиция кызматкерлерине компенсация төлөнсүн деп жеке пикиримди айткам. Алар эмнеге антип жазганын билбейм.
- Буга чейинки Ош шаардык кеңешин шайлоодо Оштогу коомдук уюмдун төрайымы «Нурсултан Шакир уулу коомдук кабылдамага киргизбей койду, андан жергиликтүүлөр коркот экен» деп жазып чыкты эле. Ушул маалымат туурабы?
- Мен ал эжекени түшүнгөн жокмун. Мен дагы окудум, ошентип жазганын. Жаш кезимден ошол жерде чоңоюп жатсам, анан барып кимди коркутам? Азыркы учурда бирөө бирөөдөн корко турган заман эмес.
- Жараксыз деп табылган шайлоодо «Ата Журт - Кыргызстан» партиясынын катарында болчусуз. Ошол убакта жергиликтүү массалык маалымат каражаттары «Жетекчилик кызматта иштеген талапкерлер» деген макалаларды чыгарды. Анын арасына сизди кошту. Бир эле мамлекеттик кызматта иштеп, агитация өнөктүгүнө катышып жүрдүңүз. Бул боюнча эмне айтасыз?
- Мамлекеттик кызматкер шайлоого аттанса болбойт деген нерсе жок да. Андай нерсе мыйзамда жок. Төлөнбөгөн отпуск деген бар. Шайлоо учурунда отпускка чыгып, шайлоого аттана берсе болот. Анан кайсы партияга барып, кайсы партия менен шайлануу дагы ар бир адамдын өз эрки.
Толук маалыматты видеодон көрө аласыз.