Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 03.02.2014 10:47

Ош шаардык мектептерде окуу процесси адаттагыдай жүрүүдө жана жылуулук берүү абалы жакшы

Turmush -  Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын сектор башчысы Кутманбек Анарбаевдин берген маалыматына таянсак, учурда шаардык мектептерде окуу процесси адаттагыдай жүрүүдө жана жылуулук берүү абалы жакшы.

К.Анарбавдин айтымында, жылуулук берүү түтүкчөлөрүндө алдын ала тазалоо иштери жүргүзүлүп турат.

Аба ырайынын катаалдыгына карабастан окуучулардын катышуусу толук жана сабактар кыскарган жок, деп тастыктайт сөзүндө Анарбаев.

Ошондой эле абал бала бакчаларда да көрсөтүлөт.

Кошумчалай кетсек, шаарда 56 мектеп, 21 бала бакча бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×