Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.01.2014 13:11

Мыйзам боюнча Ош шаарынын жаңы шайланган мэри иш жүргүзүүгө укугу жок, - А.Сариев

Turmush -  чурда Ош шаарынын жаңы шайланган мэри мыйзам боюнча мэр катары иш жүргүзүүгө укугу жок. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда шайлоолор боюнча адис Акылбек Сариев АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, шайлоолордун жыйынтыгын чыгарган комиссиянын чечими менен макул болбогон абалда 44-беренеге ылайык Ош шаарынын жаңы шайланган мэри учурда мэр катары иш жүргүзүүгө укугу жок.

«Мыйзам боюнча эгерде, шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин билдирип, аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине каршы арыздануу болуп ал аягына чейин каралып бүткүчө БШК мандат тапшырууга укугу жок болчу. Ал эми, «Улуттар биримдиги» партиясы тарбынан берилген арыз бар экенине карабастан, Ош шаарынын жаңы шайланган мэри иштеп жатат»,- деп белгиледи А.Сариев.

Эске сала кетсек, 29-январда «Улуттар биримдиги» саясий партиясы БШКнын токтомун жараксыз деп табуу жөнүндө арызды Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жиберген. Райондук сот анын арызын канааттандыруудан баш тарткан соң, бул чечимге көзөмөл арызы менен Жогорку сотко кайрылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×