Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 03.09.2014 13:03

Оштун мэри А.Кадырбаев түштүк аймактагы сүрөтчүлөр менен жолугушту (фото)

Turmush -  Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 1-сентябрда Ош облусундагы көркөм сүрөт тармагынын өкүлдөрү менен кеңейтилген жолугушуу өткөрдү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Көркөм сүрөт тармагында 30дан көп өкүлдөрү искусство тармагын өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн пландары менен бөлүшүштү.

Жолугушууда түштүк аймактагы көркөм чеберчиликти жана түштүк аймагынын маданиятын өнүктүрүү максатында сүрөтчүлөрдү колдоо маселеси талкууланды.

Мындан тышкары, Ош шаарынын мэри Ош облустук музейге жана көркөм галереяга кийизден жасалган чыгармачыл иштерди жана түштүктүн пейзажы менен 8 көркөм сүрөттөр тапшырылды.

Изображение 364

Изображение 372

Изображение 383

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×