Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 03.09.2014 10:18

Ош шаарындагы Навои жана Токтогул паркында дарактар куурап, күйүп кеткендери да бар (фото)

Turmush -  Ош шаарынын Рысбай Абдыкадыров көчөсүндөгү чоң көпүрөдөн борбордук Сүйүмбаев стадионуна чейин паркка кеткен жол боюндагы дарактардын көпчүлүгү куурап калган. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирет.

Анын ичинен күйүп кеткендери да бар. Бул аянтта таштандылардын алынбаганынан кароосуз калганын байкоого болот. Мындан сырткары чөптөрү да күйгөн.

Ош шаардык парктар башкармалыгы бул аянт алардын карамагында эместигин айтышты.

Учурда Ош шаарында 15 чакты парк жана эс алуу зоналары бар. Мурда парк болгон жайлардын көпчүлүгү кескиленип жеке менчикке өтүп кеткен.

IMG-20140903-WA0000

IMG-20140903-WA0001

IMG-20140903-WA0002

IMG-20140903-WA0004

IMG-20140903-WA0005

IMG-20140903-WA0006

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×