Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 02.09.2014 19:25

Өзгөчө кырдаалдар министри К.Боронов алдыңкы жетекчилерге сыйлык тапшырды

Turmush -  Ош шаарында кечээ, 1-сентябрь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде министрликтин 8 ай ичинде аткарган жумуштарын жыйынтыктаган атайын жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында министр К.Боронов 8 ай ичинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында министрликтин аткарган жумуштарына токтолуп, жетишкендиктерди жана бир катар кемчиликтерди белгиледи.

«Кырсык айтып келбейт, каржынын тартыштыгына карабай алдын алуу жана калыбына келтирүү иштерин кечиктирбестен аткарышыбыз керек. Ал эми өз милдеттерин так аткарып, жоопкерчиликти сезген кызматкерлердин эмгегин белгилеп кетпесек болбойт», - деди министр.

Жыйындын сонунда министрликтин буйругуна ылайык ӨКМдин өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору Закиров Асылбек Абдилбаапович минстрликтин «Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн» медалы менен ал эми ӨКМдин өзгөчө кырдаалга чара көрүү түндүк борборунун башчысы Эгембердиев Мирусс Тагайбекович «Өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюуга катышкандыгы үчүн» төш белгиси менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×