Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 02.09.2014 16:54

Ош шаарында окуу күнү Манас жана Мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө арналган сабактан башталды

Turmush -  Ош шаарында 1-сентябрь - Билим күнүндө жаңы окуу жылынын коңгуроосу кагылды. Окуу күнү Манас жана мамлекетти бекемдөөгө арналган сабактан башталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анда мугалимдер Кыргызстандын мамлекет болуп түптөлүшү, басып өткөн жолу, тарыхы тууралуу дарс окуду.

Жалпысынан Ош шаарында 59 мектеп бар. Окуучулардын саны 52 миңден жогору. Аларды 3008 мугалим тарбиялап, билим берет.

Белгилей кетсек, түштүк борбордогу мектептерде орус тилдүү мугалимдердин тартыштыгы бар. Бул көйгөйдү шаардык билим берүү башкармалыгы, жогорку окуу жайлар менен сүйлөшүп чечүүгө аракет жүрүп жатканын билим берүү кызматкерлери белгилешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×