Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 02.09.2014 13:02

Ош шаарында 12 млн долларлык жардамга таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо долбоору ишке ашканы жатат

Turmush -  Ош шаарында шаардыктарды таза суу менен камсыздоо багытында ар тараптуу иш аракеттер жүрүп жатат, деп билдирди «Ошсууканал» муниципалдык ишканасынын башчысы Дөөлөт Кокочоров.

Анын айтымында, «Ошсууканал» ишканасы 500 миңден ашуун жаранды таза суу менен камсыздайт .

«Калаада таза сууга болгон талап күн сайын өсүүдө. Анткени, шаарда калктын саны тынымсыз жогорулап жатат. Ошондуктан, Ош шаарын 2014-2017-жылдар аралыгында өнүктүрүү программасын бекитүүдө таза суу маселесине өзгөчө көңүл бурулду», - деди ал.

Д.Кочкоров белгилегендей, эл аралык каржы уюмдардын колдоосу менен долбоорлор ишке ашырыла баштады. Атап айтканда, Азия Өнүктүрүү банкы аркылуу 12 млн долларлык жардам алып, элди таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо багытында долбоорлор ишке ашканы жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×