Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 02.09.2014 09:13

Фото — Ошто салат жабуу мезгили келип, жашоочулар аларды очокко даярдоого

Turmush -  Ош шаарынын тургундары август айынын ортолорунан тарта жер-жемиштерден салат жабууга киришишти. Шаардыктар негизинен ар кандай татымалдарды даярдап, жашылчаларды туздоо менен кыям жана ширелерди жасашат.

Аны менен катар, жергиликтүү тургундар газдын жоктугунан улам консервалоо учурунда тиешелүү жылуулук режимин кармоо кыйынчылык жаратып жаткандыгын билдиришти.

Алардын айтымында, учурда жалпы көп кабаттуу үйлөргө таандык аймактарга очок салып, отун, көмүр жагуу менен салаттарды жаап жатышат.

«Бул коопсуз жана экологиялык жактан таза отун. Ошондой эле, ачык абада, отунга даярдалган азыктар кайталангыс өзгөчө даамга ээ», - деп билдирет жергиликтүү тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×