Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 01.09.2014 16:46

Ош мамлекеттик университетинде билим майрамы белгиленди (фото)

Turmush -  Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда 5 факультеттин окутуучулар жамааты, студенттеринин катышуусундагы «Билим күнүнө» карата уюштурулган жыйын болуп өттү, деп билдирет окуу жайдын басма сөз кызматы.

ОшМУнун окутуучулук-профессордук курамын жана 1-курстун студенттерин билим майрамы, кечээ, 31-августта белгиленген Эгемендүүлүктүн 23 жылдыгы менен куттуктаган ОшМУнун ректору Каныбек Исаков 2014-2015-окуу жылына карата кайрылуусу менен тааныштырды.

«Жаңы окуу жыл Ош мамлекеттик университети үчүн өзгөчө тарыхый, мааниси чоң жыл. Ушул окуу жылдын 16-17-октябрларында Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык даңктуу маарекесин белгилейбиз. Бул маареке – 75 жылдан берки билим берүү, илим изилдөө, тарбиялоо сапарында мамлекетибизге сиңирген эмгегибизди көрсөтүп, эл журт алдында эсеп-кысап берчү күн болот. Андыктан, баарыбыз бул маарекеге маани берип, эл алдында жамаатыбыздын жүзү жарык болушуна аракеттенели, салым кошолу», - деди К.Исаков.

Ошондой эле ал, өткөн окуу жылындагы жасалган иштер, жетишкен ийгиликтер тууралуу айтып, жаңы окуу жылында алдыдагы жасалчу иштерге басым жасады.

«Студент, окутуучу, кызматкерден тартып ар бирибиз өзгөрүүнү жана өнүгүүнү өзүбүздөн баштап, ой-жүгүртүүбүздү, ишке жана бири-бирибизге карата болгон мамилебизди өзгөртпөсөк, анда олуттуу өнүгүүнү камсыз кыла албайбыз»,- деди ал.

Белгилей кетсек, мындай Билим күнүнө арналган жыйындар университеттин бардык факультеттеринде, бөлүмдөрүндө, лицейлеринде, колледждеринде да болуп, алардын ар бирине атайын ректораттан өкүлдөр катышты.

Жайкы эс алуу мезгилинде ОшМУнун бардык факультеттеринде окуу имараттарын жаңылоо, модернизациялоо багытында иштер жүрдү, бүгүнкү күндө окуу процесси толугу менен башталды.

25

23

22

24

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×