Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 01.09.2014 16:19

Ошто «Жашыл шаар» долбоорунун алкагында ар бир аймактык кеңеште көрктөндүрүлгөн аймактар түзүлөт

Turmush -  Ошто «Жашыл шаар» долбоорунун алкагында ар бир аймактык кеңеште жашыл, көркөндүрүлгөн аймактар түзүлөт. Ош шаарынын жашылдандыруу чарбасы жана көрктөндүрү боюнча комбинаты тарабынан август айынын башынан бери «Жашыл шаар» долбоору ишке ашууда.

Долбоордун алкагында Ош шаарынын ар бир аймактык кеңешинде жашыл, көрктөндүрүлгөн аймактар пайда болот. Бул тууралуу Ош шаарынын жашылдандыруу чарбасы жана көрктөндүрүү боюнча комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватова билдирди.

Анын маалыматында, учурда көрктөндүрүү жана жашылдандырууну конкреттүү пландоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Азыр шаардын 5 аймактык кеңеши менен талкуулар жүргүзүлдү. Бул багытта иштер аткарылууда. Биз шаардын аймактык кеңештери менен биргеликте ар бир аймактык кеңештеги көйгөйлүү участкаларын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүнү пландап жатабыз. Биздин максат шаардын жашыл курулуштарын калыбына келтирүү болуп эсептелинет», - деди А.Наватова.

Мындан тышкары, ал «жеке каражаттардын жетишсиз болгон учурда эл аралык уюмдарга жана донорлорго бирдиктүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кайрылабыз», - деп белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×