Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 01.09.2014 14:06

Ошто мамлекеттик юридикалык институтунда билим күнү белгиленди

Turmush -  Ош мамлекеттик юридикалык институтунда 1-сентябрь билим күнү белгиленди. Бул тууралуу Ош МЮИнун басма соз катчысы Сабыр Буркашев билдирди.

Маалдыматка ылайык, студенттерди аталган институттун ректору куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Сабыр Буркашевдин айтымында, окуу жайда жаңы окуу жылына өзгөчө даярдыктар көрүлгөн. Аудиториялар ремонттолуп, соттук отурумдар залы, криминалистикалык лаборатория жана полигондор жаңы окуу жылына даяр. Аталган окуу жайда 5 миңден ашуун студент билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×