Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 01.09.2014 13:15

Ошту электр энергиясы менен камсыздоо үчүн «Газпром» 20 млн доллар жеңилдетилген насыя бөлүп берет, - А.Атамбаев (видео)

Turmush -  «Газпром» Кыргызстандын түштүгүн электр энергиясы менен камсыздоо максатында 20 млн АКШ доллары суммасында жеңилдетилген насыя бөлүп берет. Бул тууралуу КРнын президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 31-августта Эгемендүүлүк күнүндө сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Анын айтымында, бул каражат Ош шаарынын жана түштүктөгү башка аймактардын электр энергиясы менен камсыз болуусун жакшыртууга, газдын ордуна электр энергиясы же башка альтернативдүү энергия менен алмаштырууга сарпталмакчы.

Маалым болгондой, аталган каражат КР Энергетика министрлигине тапшырылып, КР өкмөтү тарабынан көзөмөлдөнмөкчү.

«Бул жана башка көптөгөн маселелер Орусия Федерациясынын президенти урматтуу Владимир Владимирович Путиндин түздөн-түз колдоосу менен чечилүүдө. Андыктан ага Кыргызстанды бекемдөөгө берген иштиктүү жардамы үчүн ыраачылык билдиргим келет», - деди А.Атамбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×