Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 30.08.2014 14:26

Ошто 31-августта калктын биометрикалык маалыматтары алына баштайт

Turmush -  Ош шаарында эртең, 31-августтан тарта калктын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча улуттук кампания башталат.

«Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбор» бейөкмөт уюмдардын ассоциациясы маалымдагандай, ар бир 16 жаштан жогорку жаран өзүнүн биометрикалык маалыматын тапшыруусу зарыл.

Биометрикалык маалыматтар Калктын бирдиктүү мамлекеттик каттоосун түзүү үчүн талап кылынат.

«Калктын бирдиктүү мамлекеттик каттоосу мамлекеттик органдардын жана маалымдама алууда же мамлекеттик кызмат көрсөтүлгөндө катардагы жарандардын ишин жеңилдетет. Бийлик өкүлдөрү да аздыр-көптүр мындай так маалыматтын болуусу шайлоо учурундагы жок адамдардын ордуна добуш берүү, башка бирөөнүн добушун колдонуу сыяктуу мыйзам бузуулардын алдын алат деген үмүттө», - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу үчүн 10 манжасынын изин, санариптик сүрөтүн, өз колун жана башкаларды тапшыруу керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×