Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 30.08.2014 13:09

Ош шаарынын борбордук стадионунда Эгемендүүлүк күнүндө майрамдык шоу-программа өтөт

Turmush -  Ош шаарынын борбордук стадионунда 31-август күнү КРнын эгемендүүлүгүнүн 23 жылдык мааракесине карата кыргыз эстрадасынын катышуусунда «Өнүгө бер Кыргызстан» аттуу мега-шоу концерттартууланат.

Ош шаардык маданият башкармалыгынан маалым болгондой, 3 саатык программанын алкагында «Наздеми» бий тоюу «Кара жорго» бийин бийлеп, Венера Назаралиева «Салам Ош» ырын ырдап, Салима Балтаева «Биздин айыл», «Ак-Тилек», Х.Абдуллаева «Кыргызстаным» ырларын тартуулашат. Ошондой эле, «Кыз Бурак» тобунун катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, «Келечек» маданият үйүнүн «Жетиген» жана «Таэлия» балдар бий топтору испан жана индия бийлерин бийлешет.

Аны менен катар, эстрадалык ансамбль жана Данияр Жаныбек уулу, Гүлназ Султанова, Ильяс Ташболот уулунун аткаруусунда «InforaPenny», «Bailamorena», «Simplethebest» сыяктуу 80-жылдардын хит чыгармалары жаңырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×