Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 30.08.2014 12:55

Ошто майрамдын алдында элдер көп жерлерде паспорт текшерүү күчөтүлдү

Turmush -  Ош шаарында 29-августтан бери Эгемендүүлүк күнүн белгилөө күнүн утурлай, шаардын баррдык социалдык маанилүү объектетринде жана эл көп жерлерде паспорт текшерүү күчөтүлдү.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жарандардын шаардык каттоодо тургандыгы текшерилүүдө. Паспорт текшерүү өзгөчө Ош шаарындагы борбордук базарда күчөтүлдү.

«Мындан тышкары, милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо максатында көчөлөрдү көзөмөлгө алууда», - деп билдирилди Ош ШИИБнөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×