Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 29.08.2014 18:55

Ош-Худжант жана Худжант-Ош каттамы боюнча автоунаа менен регулярдуу жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу мүмкүнчүлүгү сүйлөшүлдү

Turmush -  Кыргызстан менен Тажикстан өлкөлөр ортосунда, тактап айтсак, Ош-Худжант жана Худжант-Ош каттамы боюнча автоунаа менен регулярдуу жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу мүмкүнчүлүгү сүйлөшүштү. Бул тууралуу эки өлкөнүн ортосундагы маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын 13-отрунунун жыйынтыгында айтылды.

Транспорт жаатындагы кызматташтыкты талкуулап жатып, тараптар эл аралык автоташуулардагы тоскоолдуктарды жоюу үчүн бардык зарыл болгон чараларды кабыл алуу, ошондой эле, тараптардын аймактары аркылуу ташууларды ишке ашырууну жүргүзүү ниеттерин билдиришти.

Тараптар, буга кошумча автотранспорт боюнча документтерге уруксат берүү жана аларды жолжоболоштурууда жыйымдарды чогултууну алып салуу боюнча суроону кароого макулдашышты.

Тажик тарап 2004-жылдын 26-майындагы кыргыз-тажик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттар боюнча КР менен Тажикстандын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашууларга өзгөртүү киргизүүнү тездетүүнү сунуштап, «Карамык» өткөрө пунктуна эл аралык статусту берүүнү кошумчалашты. Буга катар кыргыз тарап тажик тараптын позициясын эске алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×