Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 29.08.2014 18:54

Вице-премьер-министр Т.Сарпашев өзүнүн биометрикалык маалыматтарын Ош шаарында тапшырат

Turmush -   Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында баардык калкты тейлөө борборлорунда биометрикалык маалыматтарды топтоо башталып жатат. Мен бүрсүгүнү Ош шаарына барам. Ош шаарында саат 12:00дө өзүмдүн биометрикалык белгилеримди тапшырам, деди биринчи вице премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 29-августта Кеминдеги цемент ишканасынын падубалына капсула салуу салтанаты учурунда «Баракелде» басылмасынын биометрикалык маалыматтарды топтоодо аймактардын даярдыгы боюнча суроосуна жооп берип жатып.

Вице премьер-министр, буга катар Ош шаарында жана Ош облусунда 31-августтан тарта биометрикалык маалыматтарды топтоо башталарын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө ар бир аймакка жабдуулар келип түшүп, аларды келери менен биз таратып жатабыз. Сентябрь айынын ичинде 1000 жабдуу келип түшөт, алардын баардыгы тең республиканын ичинде иштей баштайт», - деп билдирди ал.

Т.Сарпашев мындан тышкары чет жакта миграцияда жүргөндөрдүн биометрикалык маалыматтарын топтоо боюнча: «Биринчи элчиликтерде, консулдуктарга ачылат жана мигранттар Кыргызстанга келип кетишсе аэропорттордон чек ара тосоттордон алабыз. Ошол мезгилде Россиянын миграция кызматынан биометрикалык маалыматтардын базасын сурайбыз», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×