Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 29.08.2014 18:22

Ош шаарында мугалимдер жана ата-энелер комитеттеринин өкүлдөрү аялдардын тынчтык жана коопсуздукту сактоодогу ролун талкуулашты (фото)

Turmush -  Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан 29-август күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү максатында тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Талкуунун негизинде эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери, жаш кыздарды эрте турмушка берүү, кыз ала качуу жана ашыкча той тамашага чыгымдарды кетирүүгө тыю салуу боюнча кызуу дискуссия жаралды. Жыйындын аягында Ош шаарынын Сулайман-Тоо аймактык кенешинин төрагасы Мажит Эрбабаев. жогорудагы токтомду иш жузунө ашыруу максатында укук коргоо органдары, саламаттыкты сактоо башкармалыгы, Ош шаардык билим берүу башкармалыгы жана аксакалдар кенеши менен биргеликте иш алып барарын билдирди.

DSC_3184

DSC_3201 (2)

DSC_3190 (2)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×