Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 29.08.2014 15:03

Ош облусунун тургундары Башкы прокуратура жана УКМКдан 37 млн сом салган «Закят» фондунун ишмердүүлүгүн текшерүүнү өтүнөт

Turmush -  Ош облусунун тургундары Башкы прокуратура жана УКМКдан «Закят» фондунун ишмердүүлүгүн текшерүүнү өтүнөт.

Мындай өтүнүчүн Ош облусунун тургундары бүгүн, 29-августта АКИpress агенттигинин маалымат жыйынында билдиришти.

Алардын айтымында, аталган фондго 17 миң кыргызстандык 37 млн сом салып, бирок убада кылынган үстөксүз насыяны алышкан эмес.

Ош облусунун тургундары эки жыл мурун, 2012-жылы аталган фондго мүчө болуп, 5-6 жылга үстөксүз насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу максатында 1 миң сомдон ашуун акча каражатын төгүшкөн.

Маалым болгондой, фонддун түзүүчүсү Алай районунда туулган, бирок көп жылдар бою Орусияда жашаган Нурайым Неелова.

«Кыргызстандын ар бир облусунда фонддун кеңсеси бар. Анын жетекчилери 43 мусулман өлкөсүндө өкүлчүлүк ачып, кайрымдуулук иретинде түшкөн краажаттарды Кыргызстандын аз камсыз үй-бүлөлөрүнө жардам катары берүүгө убада беришкен», - дейт жарандык активист Мелис Аспеков.

Фонддун мүчөлөрүнүн бири, Токтобай Төрөгелдиев маалымдагандай, Нурайым Неелова Казакстанда дарыланууда.

Ал эми, Ш.Кожаева сарпталган каражаттар тууралуу отчет берүү талабына орой жооп берип, бөлмөдөн кууп чыккан.

Ошондой эле, нааразы тарап фонддун улуттук макамына ээ экендигине таң беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×