Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 29.08.2014 15:01

Ош шаарында айрым ишкерлер ашыкча текшерүүлөргө нааразы болушууда

Turmush -  Ош шаарындагы ишкерлерди мамлекеттик ишканалар жана тиешелүү органдар тарабынан текшерүүлөрүнүн максаты башка болуп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 29-августта Ош шаарындагы ишкерлер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Нан, сүт азыктары менен камсыз кылуучу ишкер, санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери көбүрөөк текшерүүгө алып жатканын билдирди.

«Күндүн ысык убагында эскертүүсүз электр энергиясы өчүрүлдү. Ошондо 40 миң сомдук чейин зыян тарттык. Биздин укугубуз менен эч ким эсептешпейт, тапкан пайдабызга гана келгенде баары текшеришет», - деп кошумчалады ишкер.

Шаар мэри А.Кадырбаевдин айтымында, текшерүүчү органдар мыйзамдын негизинде текшерип жатышкандыгын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×