Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 29.08.2014 14:39

Ош шаарында СССРдин Эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин небереси уникалдуу ачык каттарды жасайт

Turmush -  Ош шаарында СССРдин Эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин небереси уникалдуу ачык каттарды жасайт. Бул тууралуу дүкөн сатуучуларынын бири Дания Мамышева билдирди.

Анын айтымында, Гапар Айтиевдин небереси Динара квилинг стилинде өз колу менен ачык каттарды жасайт.

«Динара жасаган ачык каттар кардарлар тарабынан чоң талапка ээ», - дейт Д.Мамышева.

Д.Мамышева билдиргендей, Динара ачык каттар үчүн укмуштуудай кичинекей буюмдарды жасоо талантына ээ.

«Ар бир ачык кат талыкпаган эмгекти талап кылат. Басылып чыгарылган стандарттык сүрөттөргө караганда колго жасалган ачык каттарды белек кылуу жагымдуураак келет. Ар бир эмгекте автордун ички дүйнөсү жана жеке көз карашы чагылдырылган», - дейт Д.Мамышева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×