Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 29.08.2014 14:15

Окурмандын пикири: Оштогу Навои атындагы сейил багында эс алуучу адамдар үчүн шарт жок (фото)

Turmush -  Ош шаарынын борбордук базарындагы жана автобекеттин жанында жайгашкан Навои атындагы сейил багында шарттын жоктугунан улам тынч эс алууга мүмкүн эмес, деп билдирет Ош шаарынын жашоочусу Сапарали Даминов.

Анын айтуусунда, сейил бактын айланасы абдан тар, сейил бакка бара турган бир эле жол бар, ал жакта адамдардын топтолушуусунан улам базарда жүргөндөй абалда болосуң.

Мындан тышкары, жалпы тамактануучу жайлардан жана соода орундарынын улам сейил бактын айланасы башаламандыкка айланган. Сейил бак борбордо жайгашкандаыктан, үй-бүлөсү менен сейилдөөгө чыккандардын саны абдан көп. Ошондой эле, эс алуучулар үчүн отургучтар абдан аз.

С.Даминов белгилегендей, сейил бак кенен жана жашыл болуп турушу керек. «Ошондой эле, ал жакта эс алуу үчүн баардык шарттар болушу зарыл»,- дейт ал.


29 08 2014_парк навои 1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×