Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 29.08.2014 13:23

Ошто мэриянын алдында жеке ишкерлер үчүн экономикалык кеңеш түзүү сунушталды

Turmush -  Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Ош шаардык мэриясынын алдында жеке ишкерлер үчүн экономикалык кеңеш түзүү зарыл. Бул тууралуу мэрия жана шараык кеңештин жетекчилеринин бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен өткөргөн кеңешмеде КРнын түштүгүндөгү Улуттук бизнес-ассоциацияларынын альянсынын координатору Азиза Юлдашева билдирди.

Анын айтымында, экспортко багытталган продукциялар боюнча аймактагы кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шартарды түзүү экономикалык кеңештин негизги максаты болуш керек.

Маалым болгондой, аталган иш-чаралар өлкө Бажы биримдигине кирген шартта кичи жана орто бизнестин багыт алуусу үчүн зарыл.

Мындан тышкары, багыттоо жана адистештирүү максатында аймакта дыйканчылыкты өнүктүрүү сунушталды.

«Бизде база бар, темир жол түйүнү бар. Айыл-чарбанын өнүгүшү биздин экономиканын эң зарыл приоритети. Мындан тышкары, Бажы биримдигине кирүү шартында түштүктүн агро сектору үчүн тастыктамалуу лаборатория жана логистикалык борбор түзүү керек», - деди А.Юлдашева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×