Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 29.08.2014 11:27

Министр К.Боронов мыкты иштеген бир нече кызматкерлерди сыйлады

Turmush -  Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн, 29-августта министрликтин өздүк курамы менен атайын жыйын өткөрүп, анда аткарылып жаткан жумуштарды мындан ары кечкитирбей алдыга жылдыруу боюнча тапшырмаларды берди, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

«Каржынын тартыштыгына, техникалардын эскилигине карабай министрликтин иши мерчемделген мөөнөтүнөн кечикпей аткарылууда. Мындай учурда мыкты иштеген кызматкерлердин аттарын атап, алардын эмгегин өз учурунда баалап турушубуз керек», -деди министр Кубатбек Боронов.

Министрдин буйругуна ылайык КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамотасы менен: КРнын ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы, майор Нурлан Баймуратов, КРнын ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун башчысы Тариел Кельдибеков, КРнын ӨКМнин калк жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Абдишарип Бекилов сыйланышты.

Ал эми КР ӨКМдин «Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышкандыгы үчүн» төш белгиси менен КРнын ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча регионалдык департаментинин директору Алишер Мамытов сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×